10-майга караган түнү клубдар арасындагы эң беделдүү мелдеш – Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык оюндарынын жооптук беттешинде италиялык "Ювентус" франциялык "Монакону" 2:1 эсеби менен утту.
Бул оюндагы биринчи голду 33-мүнөттө "Ювентустун" чабуулчусу Марио Манджукич жаратты. Экинчи голду 1-таймдын соңунда Дани Алвес киргизди. Экинчи таймда 69-мүнөттө "Монаконун" жылдызы Килиан Мбаппе атаандаштардын дарбазасына топту киргизип, эсепти 2:1 кылды.
Ошентип эки оюндун жыйынтыгы менен "Ювентус" Чемпиондор Лигасынын финалына өттү. Финалда ал ким менен беттешери бүгүн "Реал Мадрид" менен "Атлетико Мадриддин" жооптук кезигүүсүнөн кийин белгилүү болот. Биринчи жарым финалдык оюнда "Реал" "Атлетикону" 3:0 эсеби менен уткан.
Эскерте кетсек, "Ювентус" конокто "Монакого" жоопсуз эки гол киргизип, финалга чыгуу үчүн ири мүмкүнчүлүк түзүп алган. "Монако" канчалык мыкты чабуулдары менен айырмаланбасын туриндик командага өз стадионунда бир дагы гол жарата албай койгон.