Бишкектин Чүй көчөсүндөгү Жылуулук электр борборунун жанында айдоочу 9-класстын окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 10-майда Бишкек шаардык Патрулдук милиция кызматынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.
"Бүгүн саат 7:10 чамасында "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автоунаанын 50 жаштагы айдоочусу 9-класстын окуучусун жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн сүзүп кеткен. Айдоочу чыгыштан батышты көздөй кетип бара жаткан, мас эмес абалда болгон. Кыз "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткирилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деди ал.