Кара-Кулжа районундагы жер көчкү турак үйдү жана сарайды басып калды

Кара-Кулжа районундагы жер көчкү турак үйдү жана сарайды басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер көчкү 9-май күнү саат 09:00 чамасында Ылай-Талаа айыл аймагынын Шаркыратма айылында түшкөн. Болжол менен анын көлөмү 10 миң метр куб. Жер көчкү алдында калган турак үйдө эч ким жашачу эмес. Жабыркагандар жок.

"ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адиси, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жер көчкү түшкөн жерге барышып, кооптуу аймактагы 1 турак үйдүн жашоочуларын коопсуз жайга көчүрүшкөн. Калган турак үйлөргө кооптуу абал жаралбаганы аныкталган. Ошондой эле эски жер көчкү түшкөн аймакка мыйзамсыз түрдө үй куруп алып, жашап жаткан 24 үй-бүлөгө түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Ылай-Талаа айыл аймагынын башчысына жер маселесин чечип, көчүрүп чыгаруу боюнча тапшырмасы коюлду", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Krai
2017-05-10 14:18:15
ИИ Кокуй бул жерде болом Нургул жездем Таалай дегендер жашачу эле тынч бекен
+2
lolo.1
2017-05-10 14:34:28
Krai,жабыркаган эч ким жок эч ким жашачуу эмес
Деп жазып ататко
0
rahatov
2017-05-10 14:57:12
lolo.1,чукушкула бири биринерди
-2
adi_ko.kg
2017-05-10 14:56:20
jaman kabar
0
altyn7776
2017-05-10 17:21:08
Мыйзамсыз уй салып жашап калгыча айыл окмот каякты карап отурат? Качан гана басып калганда, же "тоок туарда кыкылыктайт" болуп чуркап калышат
0
admin_portal
2017-05-10 17:40:32
lolo.1, rahatov, жеке айтышууларга жол берилбейт, ал үчүн купуя кат бар.
Эскертүү!
0
arimaz89
2017-05-10 22:57:37
Ой тим эле каратып туруп калп айтканын, кочку тушмойун ал жерге баруу эч кимдин тушуно да кирбеген чыгаар. Тим эле "барып кочурулгон" деп. Уят!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан