Патрулдук милициянын имаратынан табылган шектүү сумкадан жарылуучу зат табылган жок

Патрулдук милициянын имаратынан табылган шектүү сумкадан жарылуучу зат табылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн түшкө маал Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын имаратынын экинчи кабатында шектүү сумка табылган. Мындан улам сапёрлор чакыртылып, ичиндеги кызматкерлер сыртка чыгарылган болчу. Бирок сумканын ичинен жарылуучу эч нерсе табылган эмес. Аны Патрулдук милицияга келген жаран унутуп калганы аныкталды. Азыркы тапта башкармалык кадимки тартипте иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mir777
2017-05-10 15:08:56
ай коркоктор, элге эле кыйын болосунар
+5
Krai
2017-05-10 15:24:14
Соз жок
0
NARYNGRAD
2017-05-10 20:23:11
Ай байкуштарым, жүрөгүңөр түшүп, көзүңөр алаңдап калгандыр. Оозуңарды ачып ап-аптап койгула.
0
bond02
2017-05-10 21:09:53
Форманарды чечип качпапсынар да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан