Кыргыз спортчулары Азербайжанда өтчү Ислам оюндарына жөнөштү

Бүгүн, 10-май күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Кыргыз Республикасынын курама командасынын IV-Ислам тилектештик оюндарына узатуу аземи орун алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов, Улуттук олимпиадалык комитетинин башчысы Саламат Эргешов, машыктыруучулар жана спортчулар катышты. Канат Аманкулов өз сөзүндө спортчуларга ийгилик каалап, жакшы жыйынтык күтөрүн айтты. “Ислам оюндарында дүйнөнүн 57 өлкөсүнөн спортчулар келип катышат. Бул өзүбүздүн даярдыкты көрсөтүүгө эң жакшы мүмкүнчүлүк. Өлкөбүздү татыктуу көргөзүп, медалдар менен кайтып келгиле”, - деп кайрылды спортчуларга Аманкулов.
Андан соң өлкө желеги улуттук курама командасынын капитаны, балбан Каныбек Жолчубековдун колуна тапшырылды.
Кошумчалай кетсек, 12-22-май аралыгында Азербайжандын борбору Баку шаарында өтө турган Ислам тилектештик оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 11 спорт түрү боюнча 70ке жакын спортчунун катышары күтүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tasma2014
2017-05-10 17:12:25
Чапан жакпады озбек Чапан болупгкалыптыр,Кыргызда эзелтен тик жака,кокурогу эки кабат жабыла турган тон кийген, шамалдан сактайт кум кошуп баскан кокурогуно найза отпос кылып, Монголдордо азыркы убакытка чейин кийишет
-2
Abdusamat.kg
2017-05-10 17:50:09
Tasma2014,кыйратасың да сындап . Чөнтөкө карайт да
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан