Каракол шаарында "Таш Рабат" комплексинин чатыры күйүп жатат

Каракол шаарында "Таш Рабат" комплексинин чатыры күйүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат бүгүн саат 14:00 чамасында келип түшкөн. Анда Каракол шаарынын Тельман көчөсүндө жайгашкан "Таш Рабат" комплекси күйүп жатканы айтылган.

"Азыркы тапта тилсиз жоону өчүрүүгө 3 унаа тартылган. Саат 14:30да өрт чектөөгө алынган. Болжол менен комплекстин 132 чарчы метр чатыры күйүп жатат. Комплекстин ичинде сауна, унаа жуучу жай, дүкөн болгон", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан