Кыргыз балбаны Азия чемпиондугунда коло медаль үчүн таймашат

Индиянын Дели шаарында 10-14-май аралыгында өтө турган грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Самат Шырдаков коло медаль үчүн күч сынашат. Балбаныбызга беттешке чыга турган спортчу казакстандык. Бул тууралуу бириккен дүйнөлүк күрөштүн маалымат кызматы билдирет.

Маалыматта белгилүү болгондой, жарым чейрек финалда 80 килограммга чейинки салмак категориясында Самат Шырдаков ирандык балбан Рамин Солтанморад менен беттешип 8:0 эсебинде жеңилип калган. Эми Кыргыз балбаны коло медаль үчүн Даниял Гаджиев менен беттешет.

Белгилей кетсек, Самат Шырдаков менен күрөшкө чыга турган Казак балбаны 2012-жылы Лондон шаарында өткөн Олимпиададан коло медаль жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан