Бишкекте айдоочу унаасы менен 15 жаштагы баланы сүзүп, качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 10-май күнү саат 22:00 чамасында Патрис Лумумба көчөсү тараптагы "Кудайберген" базарынын жанында болгон. Анда ак түстөгү Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 15 жаштагы баланы сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканада жан берген.
Азыркы тапта адам өлүмүнө себепкер болгон айдоочу изделүүдө.