Кытайдын түндүк-батышында жер титирөөдөн 8 адам каза болуп, 11 адам жаракат алды

Кытайдын түндүк-батышындагы жер титирөөдөн 8 адам каза болуп, 11 адам жаракат алганын Reuters басылмасы жазып чыкты.

Жер титирөө бүгүн, 11-майда Синьцзян-Уйгур автономдук аймагында болуп, күчү 5,5 баллга жеткен. Анын очогу Таксорган округунун алыскы районунда, 8 чакырым тереңдикте болгон.

Имараттардын айрым дубалдары жабыркап, кулап түшкөн. Курмандыктар тууралуу маалымат улам түшүп жатканы кабарланат. Бул региондо жер титирөөлөр көп болот, бирок анча оор таасир берчү эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан