Бишкекте 21 жаштагы шаар тургунун сабаган эки милиция кызматкеринин иши кыскартылды. Буга жабырлануучу тараптын тосмо арызы себеп болгон. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бул маалыматты тастыкташты.
Айта кетсек, окуя 29-январь күнү Бишкектеги кафелердин биринин кире беришинде болгон. Интернетке тараган видеодон эки милиция кызматкери 21 жаштагы шаар тургунун эч себепсиз сабап салышканын көрүүгө болот.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында тургунга кол көтөргөн милиция кызматкерлеринин өздүгү такталган. Свердлов РИИБинин кызматкери 1992-жылы туулган И.Э. жана ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкери 1991-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле "бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголуп, ички иштер органдарынан айдалган болчу.