11-майга караган түнү Чемпиондор Лигасынын экинчи жарым финалдык оюнунун жооптук беттеши орун алды. Мадрид шаарынын эки клубу "Висенте Кальдерон" стадионунда финалга чыкчу команданы аныкташты. Диого Симеоненин "Атлетикосу" Зинедин Зидандын "Реалына" каршы.
Оюндун 4-мүнөтүндө үй ээлери кооптуу абал жаратышты. Баштапкы активдүүлүк менен оюндун 12-мүнөтүндө Сауль бурчтан чыгарылып берген топту башы менен таамай сокку узата алды. Күйөрмандардын колдоосу менен чабуулдарын эки эсеге күчөткөн "Атлетико" 4 мүнөт өтпөй пенальтиге ээ болушту. Антуан Гризманндын соккусун Кейлор Навас тосо алган жок. "Реал" коркунуч жаралып жатканын түшүнүп, оюндун тизгинин колго ала баштады. 41-мүнөттө Иско айырмаланып, "Атлетиконун" мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды. Эсеп 2:1 "Атлетиконун" пайдасына чечилгени менен эки беттештин жыйынтыгы боюнча "Реал" финалды көздөй бет алды.
Чемпиондор Лигасынын финалы 3-июнда Кардифф шаарында өтөт. Анда "Ювентус" менен "Реал" беттешет.
"Атлетико" (Испания) - "Реал" (Испания) 2:1
Голдор: Сауль (12-мүнөттө), Гризманн (16-мүнөттө) - Иско (41-мүнөттө)
Биринчи оюндун жыйынтыгы - 0:3