Стамбул прокуратурасы "Reina" түнкү клубуна кол салган Абдулкадыр Машариповго 40 кылмышкерге берилүүчү өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын жана 2397 жылдык абак мөөнөтүн сурады. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.
Машарипов "Конституциялык түзүмдү кулатуу аракетин көргөн, террордук акты жасаган, көптөгөн адамдарды өлтүргөн жана мыйзамсыз курал сактаган" деп айыпталууда.
Шектүү өз көрсөтмөсүндө алгач Стамбулдун “Таксим” аянтында жардыруу уюштурууну мерчемдегенин, бирок ал жакта коопсуздук чаралары күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу "Reina" клубуна кол салганын билдирген. Анда 40 киши өлүп, 70 адам жаракат алган.
Машарипов теракттан бир нече жума өткөндөн кийин кармалган. Колго түшүрүү маалында анын батиринен эки тапанча, 197 АКШ доллары, дрон жана SIM-карталар табылган. Түркиянын укук коргоо органдары ал акчалар Машариповго теракт жасагандыгы үчүн берилген болушу мүмкүндүгүн билдирген.