Каракол шаарындагы "Таш-Рабат" комплексинде чыккан өрттүн себептери такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, эки кабаттуу “Таш-Рабат” комплексинин 280 чарчы метр чатыры, эс алуучу бөлмөдө 95 чарчы метр пластик шыбы, бильярд үстөл, 3 даана жыгач керебет, 6 даана пластик терезе, 3 даана пластик эшик, 4 даана жыгач эшик, 7 даана жыгач отургуч күйгөн. Азыркы тапта кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Айта кетсек, өрт тууралуу маалымат кечээ саат 14:00 чамасында келип түшкөн. Анда Каракол шаарынын Тельман көчөсүндө жайгашкан "Таш-Рабат" комплекси күйүп жатканы айтылган. Тилсиз жоону өчүрүүгө 3 унаа тартылган. Комплекстин ичинде сауна, унаа жуучу жай, эс алуучу бөлмө болгон.