Индиянын Дели шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Самат Шырдаков 3-орунду ээледи. Бул тууралуу бириккен дүйнөлүк күрөштүн маалымат кызматы билдирет.
80 килограмм салмакта күч сынашкан Кыргыз балбаны Самат Шырдаков коло медаль үчүн беттеште казакстандык балбан Даниял Гажиев менен кез келген. Беттештин жыйынтыгында Кыргыз балбан акыркы болуп упай алганы үчүн 2:2 эсебинде атаандашын жеңип, Азия Чемпиондугунун коло медалынын ээси болду.
Эскерте кетсек, буга чейин Самат Шырдаков жарым чейрек финалда ирандык Рамид Солтанморад менен беттешип, 8:0 эсебинде жеңилип калган.