“Барселона” футболдук клубунун оюнчусу, испаниялык футболчу Андрес Иньеста Испаниянын Альбасете провинциясында туулган. Испаниянын курамында 2008, 2012-жылдары Европа чемпиону, 2010-жылы Дүйнө чемпиону аталган. “Барселонанын” курамында УЕФАнын Чемпиондор Лигасын 3 ирет (2006, 2009, 2011), Испаниянын чемпиондугун 5 ирет (2005, 2006, 2009, 2010, 2011) жеңген.
“Барселона” үчүн 533 оюнда 53 гол, Испания үчүн 102 оюнда 12 гол киргизген.
2012-жылы Андрес Иньеста УЕФАнын версиясы боюнча "Европанын мыкты футболчусу" деп табылган. Бул наам үчүн күрөштө Иньеста мүмкүн болгон 54 добуштун 19ун алып, аргентиналык Лионель Месси (17 добуш) менен португалиялык Криштиану Роналдуну (17) артка таштаган.
Андрес Иньеста бир нече жыл бою Анна Ортис аттуу кыз менен мамиледе болуп, 2011-жылдын апрель айында кыздуу болгон. Кызын Валерия деп аташкан. 2012-жылы жайында экөө баш кошушкан.