ЖЫЛНААМА, 11-МАЙ: 21 жыл мурун АКШда учак өрттөнүп, сазга кулап түшкөн

Мындан 21 жыл мурун, 1996-жылы 11-майда АКШнын Флорида штатында DC-9 учагы өрттөнүп, сазга кулап түшкөн. Натыйжада андагы 105 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү каза болгон. Майами-Атланта каттамын аткарып жаткан учак аба майданынан учуп чыккандан 8,5 мүнөт өткөн соң анын жүк салуучу бөлүгүндө өрт чыккан. Көп өтпөй өрт учактын салонуна өтүп, экипаж кайра Майамиге кайтып барып коноюн деген. Бирок ага жетпей DC-9 Майаминин аба майданынан 36 чакырым алыстыктагы Эверглейдс сазына кулап түшкөн. Эрежени бузуу менен учакта салынып бара жаткан химиялык кычкылтек генераторлорунун бири өзү иштеп кеткенде өрт чыккан.

11-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан