АКШнын бийлиги террордук уюмдун башчысы тууралуу маалымат берген адамга 10 миллион доллар өлчөмүндө сыйлык берерин кечээ, 10-майда билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, АКШнын бийлиги "Жабхат ан-Нусра" террордук тобунун башчысы Абу Мухаммед аль-Жулани үчүн 10 миллион доллар акчалай сыйлык берилерин жар салган. Аталган уюм "Аль-Каиданын" Сириядагы бутагы болуп саналат. Бийлик өкүлдөрү "Жабхат ан-Нусранын" лидери тууралуу берилген маалымат жашыруун сактала тургандыгына кепилдик беришкен.
"2016-жылы жайында "Жабхат ан-Нусра" "Аль-Каида" менен мамилесин үзө тургандыгын билдирип, аталышын "Фронт Фатх аш-Шам" деп өзгөрткөн. Абу Мухаммед аль-Жуланинин башчылыгы алдында уюм Сирияда бир катар террордук чабуулдарды жасаган", - деп жазылат маалыматта.