Ысык-Көлдө сүйгөн кызын мыкаачылык менен өлтүргөн 25 жаштагы жигит өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, соттолуучу адам орто мектептин 5-классын бүтүргөн, бойдок, мурда сот жообуна тартылган.
"2016-жылы 27-октябрда саат 15:00 чамасында соттолуучу жабырлануучу А. кызы Аны жолдон күтүп алып, көлдүн жээгине барууну талап кылган. Андан соң коркутуп, "сен мага жагасың" деген сөздү айткан. Ага А. кызы А "мага сен жакпайсың" деп жооп кайтарган. Ошол учурда Э. уулу К. эч себепсиз жолдун жээгинен колуна таш алып, кызды башка урган. Жабырлануучу эс-учун жоготуп жерге жыгылганда, чөнтөгүнөн бычак алып чыгып, кызды мыкаачылык менен дене бөлүктөрүнө сайгылап, окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткен. Натыйжада кыз денесинен алган жаракаттардан улам окуя болгон жерден каза болгон", - деп айтылат маалыматта.
Ысык-Көл райондук сотунун 2017-жылдын январь айындагы өкүмү менен Э. уулу К. күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркиндигинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Ошондой эле жазасын өзгөчө тартиптеги абакта өтөөсү белгиленген.
Бул өкүм менен макул болбогон Э. уулу К. даттануусу менен облустук сотко кайрылган. Ысык-Көл облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги аныктамасы менен Ысык-Көл райондук сотунун 2017-жылдын 13-январында чыгарылган Э. уулу К. жөнүндөгү өкүмү өзгөртүүсүз, даттануу канааттандыруусуз калтырылган.