Ислам тилектештик оюндары: 7 кыргыз мушкери медалдар үчүн рингге чыгат

Азербайжандын Баку шаарында 4-ирет өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында башкы машыктыруучу Адылкан Бекболотовдун алдында машыккан 7 мушкер медалдар үчүн рингге чыгат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Чүчү кулактын жыйынтыгында Рахманкул Аватов, Турат Осмонов жана Эржан Тургумбеков жарым чейрек финалдык беттештен баштайт, калган 4 спортчу 1/8 финалдан баштайт.

12-май мелдештин алгачкы күнү Кыргыз спортчу Данияр Дамирдин уулу казакстандык мушкер Куан Куатов менен беттешет. Кыргыз мушкерлердин атаандаштары төмөндө:

49 килограммга чейинки салмакта Рахманкул Аватов — Мироншох Ибрагимов (Өзбекстан);

52 килограммга чейинки салмакта Турат Осмонов — Муртадха Ал-Судани (Ирак);

56 килограммга чейинки салмакта Мирбек ШеровХалил Литим (Алжир);

60 килограммга чейинки салмакта Эржан Тургунбеков — Жавид Чалабиев (Азербайжан);

64 килограммга чейинки салмакта Данияр Дамирдин уулу — Куан Куатов (Казакстан);

69 килограммга чейинки салмакта Эсен РахматовТуласимараам Тарумалингам (Катар);

75 килограммга чейинки салмакта Азамат Каныбек уулуНурсахед Паззиев (Түркмөнстан).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tansuluu09
2017-05-11 16:24:14
Ийгилик ))))
0
Akylbek87
2017-05-11 16:45:22
ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан