21-майда веложарыш старт алат

21-майда "Ashuu Grand Prix" веложарышы старт алат. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда уюштуруучулар кабарлашты. Маалыматка ылайык, веложарыш 2012-жылдан тарта жыл сайын өткөрүлүп, сергек жашоонун, активдүү эс алуунун сүйүүчүлөрүн чогултат. Анын негизги максаты тургундарды активдүү жашоого жана спортко үгүттөө.

"Салтка ылайык, жарыш Кыргыздын эң кооз жерлеринин биринде - Чоң-Кемин капчыгайына жакын жерде 21-майда старт алат. Ал эми 22-майда жарыш уланып, жыйынтык чыгарылат", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан