Ислам тилектештик оюндары: Бүгүн волейбол боюнча мелдеште Кыргыз менен Азербайжандын кыз-келиндер командалары кездешет

Бүгүн, 11-май күнү Азербайжандын Баку шаарында 4-ирет өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында, айымдар арасында өтүп жаткан волейбол боюнча мелдеште, Кыргыз курамасы үй ээлери менен беттешет.

Кыз-келиндер арасындагы мелдеште 4 өлкөнүн курама командалары алдынкы орундар үчүн күч сынашат. Алар Кыргыз өлкөсү, Азербайжан, Түркия жана Тажикстан командалары.

Эске алсак VI Ислам тилектештик оюндары 12-22-май аралыгында өтөт. Анда 20 спорт түрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, 5 миңден ашуун спортчулар катышышат. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн атынан 11 спорт түрү боюнча 70ке жакын спортчулар катышары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан