Бишкектеги "Кудайберген" базарынын жанында окуучуну сүзүп кеткен айдоочу мас абалда болгон. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы болгон учурда унаанын ичинде айдоочудан сырткары дагы эки адам болгон.
"Айдоочунун айтымында, ошол күнү достору менен спирт ичимдигин ичишип, аларды жеткирип бара жаткан. Окуучунун жолго кандайча чыгып кеткенин байкабай калган. Коркконунан кырсык болгон жерден качып кетип, тааныш аялдын үйүнө алып барып, унаасын жашырып койгон", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.
Ошондой эле айдоочу кылмыш изин жашыруу үчүн унаанын крылосун, бамперин, фарасын чыгарып катып койгон.
Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаевдин айтымында, сүзүлгөн окуучуну каршы тилкеде келе жаткан Субару Форестер үлгүсүндөгү унаа тебелеп кеткен. Азыркы тапта ал боюнча да тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Айта кетсек, жол кырсыгы 10-май күнү саат 22:00 чамасында Патрис Лумумба көчөсү тараптагы "Кудайберген" базарынын жанында болгон. Анда ак түстөгү Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 15 жаштагы баланы сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканада жан берген. Бүгүн, 11-майда окуучунун өлүмүнө себепчи болгон айдоочу кармалган.