Бишкекте 6-11-май аралыгында тогуз коргоол боюнча VI Орто Азия кубогу өттү. Бул тууралуу Тогуз коргоол федерациясы билдирди.
Жыйынтыгында эркектер арасында да, кыз-келиндер арасында да алтын медалды казакстандык спортчулар багындырышты.
Эркектер арасында байге ээлери:
1-орун Хакимжан Елеусинов (Казакстан);
2-орун Жанат Каймулдин (Казакстан);
3-орун Анарбек Жамакеев (Кыргыз).
Кыз-келиндер арасында байге ээлери:
1-орун Диана Кенина (Казакстан);
2-орун Роза Райымбекова (Казакстан);
3-орун Салтанат Сапарбекова (Казакстан).
Эркектер арасында жааттык эсепте:
1-орун Павлодар (Казакстан);
2-орун Кызыл-Ордо (Казакстан);
3-орун Казакстан курама жааты.
Кыз-келиндер арасында жааттык эсепте:
1-орун Казакстан курама жааты;
2-орун Түштүк Казакстан облусу;
3-орун: Кыргыз курама жааты.