Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Балбан Нургазы Асангулов коло медаль жеңди

Кыргыз өлкөсүнүн балбаны Нургазы Асангулов Индияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда коло медаль жеңди. Мекендешибиз грек-рим күрөшү боюнча беттешке 71 килограмм салмакта чыккан.

Нургазы Асангулов чейрек финалда кытай балбанын 10:5 эсебинде жеңип алса, жарым финалда Иран өлкөсүнүн спортчусуна 4:5 эсебинде утулуп калган. Коло байге үчүн күрөштө үй ээсинин балбаны Дипак Дипак менен кез келип, 8:1 эсебинде жеңишке жетишкен. Муну менен ал Азия биринчилигинде 3-орунга татыды.

Ал эми 59 килограммга чейинки салмакта Кыргыз балбаны Калы Сулайманов 3-орун үчүн болгон беттеште ирандык Саман Морад Абдувалиге 2:4 эсебинде утулуп, 5-орунга гана татыды.

Эске салсак, Азия чемпиондугунун 1-күнүндө Кыргыз өлкөсүнөн Самат Шырдаков менен Нургазы Асангулов коло байгеге жетишишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ekaterinburg
2017-05-12 11:01:33
Ирандыктардан утулуп кала бериптирбиз го...
0
Lion.
2017-05-12 12:43:00
Ирандыктар дуйнодо алдынкы 3 мамлекеттин бири курош боюнча
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан