Орусиянын Москва шаарында "8 жаштагы кызды зордуктаган" деп шектелип, Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу кечээ, 11-майда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 29 жаштагы Кыргыз жараны Москванын түндүк-чыгышынан өзү менен бир үйдө жашаган аялдын 8 жаштагы кызын бир нече жолу зордуктаганга шектелип кармалган. Тартип сакчыларына анын бул иш-аракетин кыздын апасы билдирген. Анын айтымында, ал бул тууралуу кызынан уккан. Учурда окуя боюнча текшерүү иши жүрүп жатат. Анын жыйынтыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоо тууралуу чечим чыгарылат.