Ислам тилектештик оюндары: Волейбол боюнча мелдеште Кыргыз кыз-келиндер командасы ири эсепте үй ээлерине жеңилип калды

Азербайжандын Баку шаарында Ислам тилектештик оюндары өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы волейбол боюнча мелдеште, Кыргыз курамы үй ээлерине жеңилип калды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Волейбол боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдештин 1-турунун алкагында Кыргыз курамасы алгачкы беттеште Азербайжан курамасы менен кез келген. Анда үй ээлери Кыргыз тайпасына эч мүмкүнчүлүк бербей 3:0 эсебинде жеңишке жетти.

Эми 13-май күнү, 2-турдун алкагында Кыргыз курама командасы Тажикстан курама командасы менен беттешет. Аталган команда Түрктөрдүн командасынан утулуп калган.

1-турдун жыйынтыгы:

Түркия-Тажикстан 3:0

Азербайжан-Кыргыз өлкөсү 3:0, партиялардын эсеби боюнча: 25:7, 25:3, 25:8

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
sirgak_92
2017-05-12 09:38:06
Ужааааас 25-3 дейби.Биздикилерден бироо эле ойногонбу.......
-2
chakantash89
2017-05-12 10:42:55
каап ойнобой эле коюшпаптыр
-2
Riokyrgyz
2017-05-12 22:37:43
chakantash89,Ойнобой эле жата береби,ойноп ойноп такшалышат да.Башты иштетсен
+1
MTu
2017-05-12 10:46:49
Ойногонун алар ойноп, уялганын мен уялып атам. Расход кетирип барбай эле койсонор болмок.
-1
Kurstan_CR7
2017-05-12 11:00:51
Такыр топ албай калгандан коро 7,3, топ болсо да алысты...))
-2
Tyty1990
2017-05-12 11:12:18
25-3 ? Ойнобой эле койгулачы
-2
Emilzima
2017-05-12 11:37:43
Азаматсынар!!!Кыргызстан алгааааа!!
0
bekov01
2017-05-12 11:41:41
Еч нерсе емес. мындан сабак алып кийинкиде женишке жетишинерге тилектешмин... булар кыргыздын кыздары озубуздун еже-карындаштарыбыз. Оз кыздарыбызга жаман соз айтпай башкалардын жаман созунон коргогула кыргыз болсонор. Мындайда жон гана жакшы соз айтып маанайын которуп койуу керек. Пайгамбарыбыз айткан жакшы соз айта албасан анда унчукпа деп
+4
Kojosh80
2017-05-12 13:00:15
Бул жерде коп жакшы ойногон кыздар калып кетти барган жок себеби анча мынча расходду озунор толойсунор деп уккам ошого жакшы ойногон акчасы жок кыздар барбай калды
0
Izdeim_seni.
2017-05-12 14:56:00
Базардагы самсы манты саткан кыз келиндерди чоглтуп кеткен го
-1
ZHYRGAl1412
2017-05-12 15:08:38
11чи класс 1чи класс менен ойногондойго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан