Футбол боюнча Европа Лигасынын финалында англиялык “Манчестер Юнайтед” менен голландиялык “Аякс” ойнойт

12-майга караган түнү УЕФАнын Европа Лигасынын жарым финалында жооптук оюндар өттү. Жыйынтыгында финалда англиялык “Манчестер Юнайтед” менен голландиялык “Аякс” ойномой болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Жооптук беттеште “Олд Траффорд” стадионунда “Манчестер Юнайтед” өз үйүндө испаниялык “Сельта” менен 1:1 эсебинде тең чыкты. Бул эки команданын ортосундагы алгачкы беттеш 1:0 эсебинде Жозе Моуриньонун командасынын жеңиши менен аяктаган. Жыйынтыгында “МЮ” финалга карай бет алды.

Ал эми экинчи оюнда франциялык “Лион” өз талаасында “Аяксты” 3:1 эсебинде утканы менен финалга чыга алган жок. Биринчи оюнда алар “Аякска” 1:4 эсебинде жеңилип калган.

Финал 24-майда Швециянын Стокгольм шаарында өтөт. Европа Лигасынын жеңүүчүсү кийинки сезондо Чемпиондор Лигасына жолдомо алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Janel2013
2017-05-12 10:54:26
Манчестер алга!
0
Kurstan_CR7
2017-05-12 10:55:53
Финалда МЮга ийгилик!!!
0
Ronaldo.99
2017-05-12 10:58:08
МЮ Чемпион
0
nurtai
2017-05-12 11:28:44
МЮ chempion!!!
0
Ulan2601
2017-05-12 12:02:59
Легенда клубтар кайра келдиби
0
Real_mir
2017-05-12 12:50:02
Футбол мынчалык тез озгоруп жатат дреблшиктерт лиги европага тушуп калса.бирок кызыктуу оюн кутобуз.
0
Usonbek
2017-05-12 15:20:33
МЮ алга
0
admiral
2017-05-12 15:36:07
Аякс уруп кетет экенда акыры
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан