Бүгүн, 12-май күнү Индиянын Дели шаарында 10-14-май аралыгында өтө турган Азия чемпиондугунда кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште, Кыргыз спортчулар алгачкы беттештерде эле жеңилип калышты. Бул тууралуу бириккен дүйнөлүк күрөштүн маалымат кызматы билдирет.
Анда 48 килограмм салмак ченинде, жарым чейрек финалда Саяна Байызова Түндүк Кореянын спортчусу Ким Сонянг менен беттешип 10:0 эсебинде жеңилип калды. Розалия Тилегенова 53 килограмм салмак ченинде, 1/8 финалда кытайлык Кияню Панг менен күч сынашып 5:0 эсебинде жеңилди. 55 килограмм салмакта Назира Марсбек кызы дагы 6:0 эсебинде кытайлык Ки Жангга утулуп калды.
Эртең, 13-май күнү 58 килограмм салмак ченинде Айсулуу Тыныбекованын атаандашы аныкталган соң, беттешке чыгуусу күтүлүүдө.