Футбол боюнча Кыргыз кыз-келиндер курама командасы жолдоштук беттеште Казакстанды 2:1 эсебинде жеңди

Машыгуу учурунан. (архивдик фото)

10-май күнү Тараз шаарынын Борбордук майданында футбол боюнча Кыргыз-Казак жолдоштук беттеши орун алды. Беттештин жыйынтыгында 19 жаш курактагы Кыргыз кыз-келиндер 2:1 эсебинде Казакстан командасын жеңди. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдирди.

Ийгилик алып келген 2 голду Виктория Далингер жана Кенжебүбү Ырысбек кызы жаратып Кыргыз курама командасына жеңишке алып жеткизди.

Маалымдай кетсек, эми Кыргыз кыз-келиндер курама командасы Кант шаарында 16-20-май аралыгында Тажикстан курамасы менен 4 беттеш өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nur_zhoni
2017-05-12 20:17:48
Ийгилик кыздар
+1
nur_zhoni
2017-05-12 20:18:20
Буйурса тажи эжелерди женесинер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан