Мындан 7 жыл мурун, 2010-жылы 12-майда Ливиянын борбору Триполи шаарынын аэропортуна конордо А330-200 учагы жерге катуу урунуп, жарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 103 киши каза болуп, 9 жаштагы бала гана тирүү калган. Учак Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарындагы Тамбо аэропортунан Триполиге бара жаткан. Аман калган Рубен ван Ассау аттуу бала кырсык болгон жердеги учактын сыныктарынын арасынан табылган жана эки бутундагы жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Кырсык коюу тумандан жана экипаж мүчөлөрүнүн катасынан улам келип чыккан.
12-майга карата жылнаама.