Мындан 9 жыл мурун, 2008-жылы 12-майда Кытайдын Сычуань провинциясында күчү 8 баллга жеткен зилзала катталган. Натыйжада 70 миңдей киши көз жумуп, 300 миңге жакыны жабыр тартса, 18 миң адам дайынсыз жоголгон. Жер титирөөнүн очогу Сычуань провинциясынын борбору Чэндудан 75 чакырым алыста жайгашкан. Жер силкинүү Пекин, Шанхай шаарларында, Индия, Пакистан, Таиланд, Вьетнам, Бангладеш, Непал, Монголия жана Орусияда сезилген.
12-майга карата жылнаама.