Кыргыз балбаны Саяна Байызова Азия чемпиондугунун коло медалы үчүн күрөшөт

Индиянын Дели шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда күрөш боюнча алгачкы беттеште утулуп калган Саяна Байызова коло медаль үчүн беттешет. Бул тууралуу бириккен дүйнөлүк күрөштүн маалымат кызматы билдирет.

Саяна Байызова алгачкы беттеште Түндүк Кореянын спортчусу Ким Сонянга кез келип 10:0 эсебинде жеңилген. Эреже боюнча Кореялык спортчу финалга өткөн соң Байызова коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат. Күтүлгөндөй, Кореялык спортчу финалга чыкты. Эми Байызова Казакстандын спортчусу Ирина Бориссова менен күрөшөт.

Эске салсак, буга чейин Розалия Тилегенова жана Назира Марсбек кызы кытайлык атаандаштарына жеңилип чемпиондуктан четтелген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан