Кыргыз курамы Таиланддын Бангкок шаарында 16-26-май аралыгында өтө турган 20 жашка чейинки футзал боюнча Азия чемпиондугуна жөнөп кетишти. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдирди.
20 жашка чейинки Кыргыз курамы Тайландда өтө турган алгачкы Азия чемпиондугуна барат. Кыргыз курамы “D” тайпасында ойноп Иран, Кытай, Монголия жана БАЭ менен беттешет. Тайпалык беттештер бүткөн соң алдынкы эки команда кийинки баскычка өтөт.
Кыргыз курама командасына 14 футболчу кирди алар: Дамир Исаков, Жалил Борошонов, Данияр Ашымалиев, Акылбек Анарбек уулу, Нурсултан Абдылдаев, Нурсултан Абасов, Азат Абайдиллаев, Мирлан Жолдубаев, Маматзия Жолдошев, Арстанбек Турсунов, Актай Таштанов, Канай Нусупов, Азимжан Юнусов жана Тумарбек Макеев. Машыктыруучу: Нуржан Жетибаев.