Бишкекте окуучуну сүзүп, качып кетти делген айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу таксист болуп иштейт. Ал окуучуну сүзбөгөнүн, окуучу өзү келип урунганын айтууда. Азыркы тапта унаасы айып жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Айта кетсек, жол кырсыгы бүгүн түштөн кийин Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүндө болгон. Анда жолдон өтүп бара жаткан эки окуучунун бирин Лексус RX 300 үлгүсүндөгү, ал эми экинчисин Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Жабыркаган окуучулар ооруканага жеткирилген. Ал эми Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткени айтылган болчу.