Сүлүктү шаарында кеңдиги 3 метр болгон жер 7 метрге чейин чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, бүгүн саат 13:20 чамасында Сүлүктү шаарынын Шахтерская көчөсүндө болжол менен кеңдиги 3 метр болгон жер 7 метрге чейин чөгүп кеткен. Көмүр өндүрүүчү шахтанын 10 метр өйдө жагында жайгашкан.
"Жабыркагандар жок. Шахтанын кызматкерлери жана ӨКМнын Тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары чөгүп кеткен жердин айланасын курчоого алып тосушкан. Шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы жана райондук экологиялык-техникалык инспекциясы изилдөө жана иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.