Бишкекте түндө тигүү цехи өрттөнүп, 30 тигүүчү машина жана 5 миң даана көйнөк күйүп кетти

13-майга караган түнү Бишкектеги Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде тигүү цехи күйүп кетти. Аны өчүрүүгө ӨКМнын 3 өрт өчүрүү бригадасы тартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өрт өчүрүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тигүү цехиндеги өрт тууралуу маалымат саат 02:11де келип түшкөн. Фучик көчөсү 31 дарегиндеги "Акмарал" ЖЧКсынын тигүү цехинин 250 чарчы метр аянты өрттөнүп кеткен. Жалпысынан 30 тигүүчү машина, 30 стул, 5 миң даана көйнөк күйүп кеткен. Өрт саат 05:17де өчүрүлгөн. Кырсык болжол менен электр жабдууларын туура эмес колдонуудан келип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Bekovich76
2017-05-13 08:59:00
Куда ОЗУ сактасын
+2
mentol
2017-05-13 08:59:38
Аттин бироонун мээнети
+5
aszyma
2017-05-13 09:06:06
Көралбаган душмандары кылышы да мүмкүн. Жакшылап текшерип чыкса билинет. Электр тогун туура эмес колдонгондонбу же бирөө эле өрт койдубу билинип калат.
0
Abdusamat.kg
2017-05-13 09:36:13
Адамдар аман болсун
+7
Gulim_zamujem
2017-05-13 09:40:16
Чыгаша чыкпаса киреше кирбейт.
0
Izdeim_seni.
2017-05-13 09:44:22
Gulim_zamujem,дооруй бербегилечи. Муну кырсык дейт,чыгаша чыкпай эле. Созду да туура колдрнсонор бираз
-6
toktor89
2017-05-13 13:14:41
Gulim_zamujem, туура айтасын, мандай тер менен тапкан эч качан мындай болбойт. Так чтоарам нерсе кошулган.
0
aziret-92
2017-05-13 09:55:12
Садака балээлерден тосот.
Балким кирешесинин зекетин бербегендир.
+1
AKCHA
2017-05-13 10:48:28
aziret-92, Эн туура айтасыз...
+2
pixduel1
2017-05-13 16:07:43
aziret-92, тишуучулорго да копейка толойт да озу) эмне болсо да адамдар аман калыптыр ошонусуна шугур
0
Sveta23
2017-05-13 11:34:15
окуп отурсаң каяктагы божомолчу бакшы сөрөйлөр жазышат оюна келгенин
.Не кыласыңар билип билбей дөөрүп. бешенебизге кудай эмнени жазса ошону көрө беребиз
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан