Ысык-Көл облусунда таанышын өлтүрүп, жерге көмүп койгон жаран кармалды

Ысык-Көл облусунда таанышын өлтүрүп, жерге көмүп койгон жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 2016-жылдын ноябрь айында Каракол шаарында болгон. Анда Жантөшев көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринде 46 жаштагы Б.Василий чогуу спирт ичимдигин ичип отурган таанышын өлтүрүп, үйдүн короосундагы жерге көмүп койгон.

Бул факт боюнча маалымат үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү белгилүү болуп, Каракол ШИИБинин кызматкерлери ыкчам изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында Б.Василий кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан