Англиянын Премьер-Лигасын лондондук "Челси" командасы багынтты. Чемпиондук бүтөрүнө 2 тур калганда Антонио Контенин командасы 87 упай топтоп 1-орунду камсыздашты.
36-турда "Челси" конокто "Вест Бромвич" менен ойноп, 1:0 эсебинде жеңип алышты. Жеңиштүү голду Миши Батшуайи киргизди.
"Челси" акыркы жолу 2014-15-жылкы сезонунда чемпиондукту уткан. Быйылкы жеңиш менен Абрамовичтин клубу өз тарыхында 6-чемпиондугун багындырды.