Аксы районунун Авлетим айылында өзгөчө кырдаалдар тартиби киргизилди

Аксы районунун Авлетим айылында өзгөчө кырдаалдар тартиби киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-12-май күндөрү абанын температурасы жогорулап, тоолордо кар эрип, Авлетим дарыясында суунун деңгээли көтөрүлгөн. Мындан улам Байкашка-Терек айылында 36 турак жайга, Арал айылында 43 турак жайга коркунуч жаралган.

Андан сырткары Товар-Сай айылындагы Чоң-Таш тилкесинде Авлетим дарыясына салынган ички чарбалык көпүрөнүн оң тарабын суу жей баштады.

"Авлетим айыл аймагынын башчысынын 2017-жылдын 12-майындагы №42-буйругунун негизинде, Авлетим айылдык аймагында өзгөчө кырдаалдар тартиби киргизилди. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан Байкашка-Терек айылында 7 үйдүн жашоочулары, Арал айылында 8 үйдүн жашоочулары убактылуу туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 2 техника бөлүнүп, жээктерди бекемдөө иш-чаралары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ice87
2017-05-13 14:12:56
Жээктерди бекемдейт имиш,суунун жээктерин чукуп ташып бутуштуго таш менен кум,шагалдарды стройка кургандар.Ким уруксаат берип жатат суунун жээгинен таш ташыганга?Жооп берсин ошол айыл окмотубу?Акимиби?Башкасы болсо дагы.Жайлоолордо карагай калбады.Баарын кыйып сатып жеп буттук.5-6 жылдан кийин кандай болот экен?
+1
Avletim1988
2017-05-13 16:12:57
Биздин айылго.тынч болгула туугандар
0
Aidani
2017-05-14 09:57:59
Ии Аксылыктарым тынч эле болгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан