Чолпон-Ата шаарында Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган эл аралык марафон өттү

Бүгүн, 13-майда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган эл аралык марафон өттү.

Ага 2 миңге чукул адам катышууда. Иш-чарага 18 мамлекеттен өкүлдөр келген. Марафондо Казакстан, Орусия, Япония, Франция, Канада сыяктуу мамлекеттердин өкүлдөрү чуркашты.

Алтынчы ирет уюштурулуп жаткан бул мелдеште спортчулар 4 аралыкка чуркай алышат. Жеңүүчүлөр 5 чакырым, 10 чакырым, 21 чакырым жана 42 чакырым аралыкка чуркаган катышуучулардан аныкталат.

Кошумчалай кетсек, 2015-2016-жылдары аталган марафондо Кыргыз спортчусу Аман Момуналиев катары менен жеңишке жетишкен.

Чолпон-Атада марафон өттү
Чолпон-Атада марафон өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан