Алай районунда жолдун жээгинде суу алып жаткан аялды унаа сүзүп, ал ошол жерден каза болду

Алай районунда жолдун жээгинде суу алып жаткан аялды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 12-май күнү түштөн кийин Гүлчө айылында болгон. Анда Субару Легаси унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жол жээгинде суу алып жаткан 34 жаштагы А.Нны сүзүп алган. Жабыркаган аялдын жаракаты оор болгондуктан ал ошол жерден жан берген.

Азыркы тапта унаа айып жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
dina1983-19
2017-05-13 12:59:55
Жол кырсыктары өтө эле көбөйүп жатат. Каза болгондордун жакындарына сабыр берсин.
+6
umarbek97
2017-05-13 13:05:56
Ош мн Жалал-Абадда кырсык өтө эле көп болуп жатат
+2
Abubakir05
2017-05-13 17:34:45
umarbek97,алланын берген сыноосу бул да бироонун олумун тилегиче озундун омурунду тиле деп айткан чон ата энелерибиз.
-6
Muslim_KGstana.
2017-05-13 13:16:30
Менин женем болчу бечара((
Дуа кылып коюнуздар туугандар!
+14
kalpak.kg92
2017-05-13 13:24:12
Алла сабыр берсин ...
+6
Salman.eldar
2017-05-13 13:45:21
эмне бул водителдердин козуно кум себилип калганбы? кундо канча киши каза таап жт
+4
jakilik
2017-05-13 13:49:48
Права саткан токтосун! !!!
+10
Kroxa
2017-05-13 14:18:38
Сузуп кетти качып кетти сууга тушуп кетти эле болуп калды го куну соо эмес..
+3
Razzak.kg
2017-05-13 14:27:06
Kroxa, ошону айтам менда. Жакшы жанылык угайын деп газета журнал окуйсун, телевизор коросун. Баарында эле ошол уруш-талаш, бирин бири чукумай, коррупция, элди алдамай. Анда коро озубуздун тириликти кылган жакшы! Балдарды карап, ата-энеге кызмат кылып.
-2
anu.alfia04
2017-05-13 14:31:31
Кагылайыным эжем кыздарыныз жапжаш эле го. Аллахым бейишинизди берсин
+9
butun.kg
2017-05-13 14:39:42
Видео камералар мн экзамен тапшырып права алатурган кылыш керек. Оной эле права алыш учун ар бир экзамен тапшыра турган жерге бир комнатасына камера коюп и экзамен тапшырган машинеге койсо.Компьютерде отуруп жооп берсе.аз эле камера кетет. Системаны ордуна келтир дегенде 3 айда тактап коймокмун. Мамлекетке пайда болмок.
+8
mts0001
2017-05-13 19:47:34
butun.kg, компьютердинда жолун таап коюшатда кыкендер наоборот коррупцияны кучотуп алышыныз ыктымал
+1
s.k.bakyt
2017-05-14 03:20:37
butun.kg, андай болсо бизде мынчалык көөп машина болбойт эле, жол тыгындар жок болуп, далай адамдардын өмүрү сакталып калмак болуш керек. Бизде права алса эле кыйратып койгонсуп, адыраңдатып айдашып башкара албай калып атышат
0
Bekovich76
2017-05-13 14:49:28
Жаны жаннаттан болсун туугандарына кайрат берсин
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан