Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн Аманда Нуньес менен беттешет

Кыргыз өлкөсүнөн чыккан спортчу Валентина Шевченко эрежесиз уруштун эң беделдүү мелдеши - UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн Аманда Нуньес менен беттешет.

UFC уюмунун өкүлү Дана Уайт билдиргендей, беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарында, 9-июлда орун алат.

Аталган беттештин алдында эки мушкер көз караштар эрөөлүндө кезигишип, араздаша кетишти. Аманда Нуньес Шевченкого билгизбей урганга жетишкен. Бул боюнча Шевченко социалдык баракчасына "бул соккуңа беттеште он эселеп жооп берем", - деп жазды.

Эске салсак, Аманда Нуньес учурдагы чемпион болуп саналат. Эки мушкер өткөн жылы беттешип, анда Нуньес жеңген. Эми Шевченко бул беттешти жеңип алса, Орусиядан жана КМШ өлкөлөрүнөн чыккан алгачкы UFC чемпиону болуп калмакчы.

Аманда Нуньес менен Валентина Шевченко мушташа кете жаздады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ekaterinburg
2017-05-13 14:03:31
Охо!Алга жердеш!Женишке жет!Кутобуз бойду!
+3
ayjan_90
2017-05-13 14:26:15
Негр жаман окшойт Валя накаутка учураткын эле
+6
maku88
2017-05-13 14:35:10
Аманда кучту ойнойт негизи
0
souza.j
2017-05-13 15:02:01
Валя, Алга. Сага ийгилик. Женишке жет. Мурдун талкалап койгун.
+7
Amir2010
2017-05-13 15:40:41
Кудайым куч кубат берсин ))))
0
jake91
2017-05-13 18:59:19
коркок биринчи кол которотдонго
0
Ronaldo.99
2017-05-14 18:30:25
Коркок биринчи кол которот болуптурда
Шевченко Алгаа Чемпионка
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан