Ксения Палкина теннис боюнча Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль утту
Кыргызстандык теннисчи
Ксения Палкина Казакстандын Шымкент шаарында өтүп жаткан теннис боюнча эл аралык
мелдеште жеңүүчү болду. Маалыматка ылайык, Палкина финалда казакстандык
теннисчи Камила Керимбаева менен беттешкен. 1-оюнда жеңиш Палкина тарапта
болсо, 2-оюнда казакстандык теннисчи 7:5 эсебинде утуп кеткен. Ал эми
беттештин чечүүчү турунда Ксения Палкина атаандашын артта калтырып, оюн 6:0
эсебинде аяктаган. Белгилей кетсек, мелдеш 6-12-май күндөрү болуп, ага
дүйнөнүн 8 өлкөсүнөн 44 спортчу катышты.