Мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы Түркиянын Сома шаарындагы көмүр шахтасында 787 шахтёр иштеп жаткан учурда жарылуу болгон. Жарылуу электр жабдууларын туура эмес пайдалангандыктан келип чыкканы айтылган. Шахтада өрт башталып, жарык өчкөндө лифттер иштебей калган. Шахтадагы адамдардын 280и өз алдынча чыгышкан. Жарылуу смен тапшыруу учурунда болгондуктан жумушчулардын жарымы шахтадан чыгып жатышкан эле. Кайра шахтада калган 122 адамды куткаруу үчүн кайтып, айрымдары мерт кеткен. Кырсыктын кесепетинен жалпы 301 адам каза таап, 122 адам ар кандай жаракат алган.
13-майга карата жылнаама.