Бишкекте айдоочу унаасы менен 1-класстын окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 11:30 чамасында Москва жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Хонда Инспайр үлгүсүндөгү унаанын 1992-жылы туулган Н.Т. аттуу айдоочусу 8 жашар Э.А. аттуу окуучу кызды сүзүп алган. Жабыркаган кыз "Тез жардам" кызматкерлери тарабынан текшерилип, класс жетекчиси менен кеткен.
Ал эми айдоочунун унаасы айып жайга киргизилип, топтолгон материалдар тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.