Жалал-Абад облусундагы Авлетим дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, жээктерин бекемдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу 13-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, күндүн катуу ысый баштаганына байланыштуу, тоолордогу карлар эрип Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айыл аймагы аркылуу агып өткөн Авлетим дарыясында суунун деңгээли көтөрүлгөн. Натыйжада 17 жерден ашып кетүү коркунучу пайда болгон. Бул жагдай Байкашка-Терек айылында 36 турак жайга, Арал айылында 43 турак жайга кооптуулук жараткан.
Ошондой эле Товар-Сай айылынын Чоң-Таш участкасында Авлетим дарыясына салынган 67 кожолукту тейлеген ички чарбалык автоунаа көпүрөсүнүн оң тарабын суу жей баштаган. Маалым болгондой, ӨКМ кырсыктардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүдө. Авлетим дарыясынын жээгин бекемдөө жумуштары 17 участкада жүрүп жатат. Ага 10 атайын техникалар тартылган.