Күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова чемпион аталды. Ал 58 килограмм салмакта финалдык беттеште Индия спортчусу Сарита менен кез келген.
Беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн тарта жигердүү күрөш жүргүзгөн Айсулуу 6:0 эсебинде жеңишке жетти. Ал атаандашына бир дагы мүмкүнчүлүк берген жок. Жыйынтыгында спортчубуз Азия чөлкөмүндө өз салмагында мыкты балбан экендигин далилдеди. Муну менен Айсулуу Тыныбекова эки ирет катары менен Азия чемпиондугун багынтты.