Бүгүн, 13-майда футбол боюнча өлкө биринчилиги-Топ-Лиганын 6-туру өттү. Кара-Балта шаарында жергиликтүү команда "Дордой" менен ойноду. Оюн "Дордой" командасынын үстөмдүгүндө өткөнү менен үй ээлери кези келгенде чабуул коюп жатышты.
Эсепти 3-мүнөттө бишкектик команданын футболчусу Сулеймана ачса, 49-мүнөттө Потапов 2:0 кылды. "Кара-Балта" буга бир гол менен гана жооп кайтарды. Эсеп 2:1, "Дордой" жеңди.
Ал эми Кочкор-Атада "Нефтчи" "Алайга" 1:2 эсебинде утулуп калды.
6-тур эртең Кант шаарында "Абдыш-Ата" - "Алга" беттеши менен уланат.