Чүй облусунда мектеп окуучусун сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

13-майда саат 16:30дар чамасында Чүй облусунун Ленин районунда Тайота Калдина унаасын башкарып бара жаткан айдоочу жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жолдо мектеп окуучусун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал Чүй ОИИБинин Патрулдук милиция башкармалыгы тарабынан үч сааттан кийин кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2005-жылы туулган окуучу ооруканага жеткирилген. Анын абалы канааттандырарлык.

Шектүү деп 1993-жылы туулган жаран кармалды. Ал мас абалда болгону аныкталды. Анын унаасы айып жайга токтотулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kroxa
2017-05-14 10:42:43
Мастарды омур бою правадан ажыратыш керек дагы эле штраф толоп койуп сузо берет мындайлар...
0
abdrakhmanovich
2017-05-14 10:44:52
Ойлонолучу! Бирөөлөрдүн жакшы жашоосу талкаланып жатат... Күндө ушундай болуп жатканын угуп, көрүп жүрөбүз. Көчөлөр кенен эмес, жол чырактар жакын кайда шашат түшүнбөйсүн. Ичсең үйдө жат! Сен аман эл аман...
+1
Jangazy
2017-05-14 11:35:10
5 кун катарына мектеп окуучулары сузулду
+1
Tolkun555
2017-05-14 13:50:52
Акчасын алып кое бергиле.тосмо арыз берди деп.правасын жараксыз кылып өмүр бою айлоочулук укуктан ажыраткыла.ишти жаап койбой.биздин менттер ачаны көргөндө туйлап калчу адаты бар эле.
+1
Tolkun555
2017-05-14 13:51:28
Акчаны
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан