Оштогу аттракциондун кулашынан жабыркаган аялга "жабык баш сөөк-мээ жаракаты" диагнозу коюлду

Ош шаарындагы "Жеңиш" сейил багында (мурдагы А.Навои атындагы сейил багы) аттракциондун кулашынан жабыркап, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган аялга кандай диагноз коюлганы белгилүү болду.

Журналист Хулькар Исамованын айтымында, аталган кырсыктан улам учурда шаардык ооруканада 5 жабырлануучу жатат. "Жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген аялдын буту сынып, ага "жабык баш сөөк-мээ жаракаты" диагнозу коюлду. Анын абалы туруктуу. Мындан тышкары эки кыз травматология бөлүмүндө, дагы эки жабырлануучу нейрохирургия бөлүмүндө жатышат. Дарыгер маалымат берүүдөн баш тартты", - дейт кабарчы.

Эскерте кетсек, кечээ, 14-майда болжол менен саат 17:00 чамасында аталган сейил бакта жайгашкан каруселдердин бири кулап кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
umarbek97
2017-05-15 08:24:54
жаман болуптур.
0
manas93kg
2017-05-15 08:26:07
Азыр аны Эч ким жениш паркы дебейт. Алишер Навои паркы делинет себеби ошол убактагы эмеректер баары ошол системалар. Ошол жерди сонун кылып жаны оюн зоок уюштурчу нерселерди Алып келсе болот беле
-8
Gena1
2017-05-15 09:29:02
manas93kg, атын го Манас баатырдын атынан экен, бирок Ош шаарындагы "Жениш" сейил багын дагы эле Навои парк деп жургонун жаман экен. Баарыбыз эле "Жениш" паркы деп, жаныча атайбыз. Себеби, ошол жаныча атагыла деп атын озгортподубу.
+7
omurbekFCB
2017-05-15 08:59:19
эскирип калды да баары.
техникалык кароодон отпрсо керекта
+2
KGstan1981
2017-05-15 09:08:13
Ошто кече жакында кичинекей эле копурону 15млн сом акча кетиришип салышыптыр.Ал копурону салууда анык эле коррупция болгон.Ошого кеткен акчага ошол парктагы эскилиги жеткен атракциондорду ондошпойбу же жаны сатып алышпайбы.
+3
nazira...
2017-05-15 09:55:09
Парктагы оюндардын баары частный, государственный жок, менимче ушу кулаган оюну болсо керек гос-ный. Ошон учун арзан. Бул эле эмес дагы бар эскилери, союз маалынан берки.Биз кичинебизде тушчу элек, азыр неберебизди тушуруп атабыз. Ушунча чыдаганын айт. Эми ойлонушаар жанылаганды.
+2
taalay25
2017-05-15 10:56:59
Кыргызча койгон диагнозунарга бали! Баш сооктун ичине жана мээге доо кеткен деп эле койсунор болбойт беле?
0
aiperiska
2017-05-15 15:28:27
Аттары эле укмуш экен Намои хулькар деп))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан